Депутат Исхак Масалиев абакка барып Алмазбек Атамбаевге жолугуп келгени белгилүү болгон. Айрымдар депутаттын экс-президенттен кечирим сураганын жазышкан. Ал эми Масалиев өзү барганын мындайча түшүндүрдү:

- Өткөн жумада Алмаз Атамбаевден №47 колонияга барып, кабар алып койдум. Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар?

Мен 2000 - жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергенмин. Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес. Убакыт келгенде өзү да Президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет.

Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.

1. Кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигини алганда мен толук алып коелу деген болчумун. Бирок менин кесиптештерим "Соке бар" деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт - Президент кызматын тапшыргандан кийин ЭЧ КАНДАЙ кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, бардык президенттерге таандык.

2. Мурдатан эле, камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөнмүн. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр Жапаров боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010 -жылы  өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөмүн. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул.

Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарыначтырды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман?