Москва шаарынын батыш тарабындагы көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен 10 жыл мурун каза болгон аялдын денеси табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиргенин EurAsia Daily гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Москванын турак жай-коммуналдык чарба кызматынын өкүлдөрү Мичурин проспектисинде жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин эшигин ачышкан. Ал жактан 1956-жылы туулган аялдын мумияга айланган денеси табылган. Бул боюнча полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, аялдын 10 жыл мурун каза тапканын аныкташкан. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок маркумдун жоголгонун кандайча эч ким байкабай калганын тактоо аракеттери көрүлүп жатат. Ошондой эле учурда тергөө кызматы судмедэкспертизанын корутундусун күтүп жатканы да айтылды

Булак: argument.kg