Тажикстандын расмий бийлиги Кыргызстан менен чек арада канча жолу ок атышпоо, оор техникаларды колдонбоо боюнча келишим түзүп, ал документтерге кол койгон менен чагымчылыдык кылып, чыр-чатакты өздөрү баштап жатышкандыгын биз эле эмес, дүйнөлүк коомчулук деле көрүп-билип калды. Андыктан акыркы ирет, 27-январда болгон ок атышуудан кийин мурда унчукпай келген ЖККУнун баш катчысы Станислва Зась да эки тарапты чек ара маселесин согуштук эмес, тынчтык, тегерек столго отуруу менен чечүүнү сунуш кылды. Түрк мамлекеттер уюму да ушундай эле кайрылуу жасады.
Бул ирет кыргыз-тажик аксакалдары да бийликтерди жана элди ынтымакка чакырды. 4-февралда Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согд облусунун Чорку жамаатынын Самониён, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушту. Аксакалдардын кездешүүсү эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени жакшыртуу максатында өттү.
Милициянын тараткан маалыматында "кыргыз-тажик аксакалдары эки эл зелтеден бери кошуна экендигин, бир арыктан суу ичерин, биримдикте жашоо керектигин билдиришип, жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришкени" айтылат.
Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыкты. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.
Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жаңжалдан кийин Тажикстандын, айрыкча жаңжалдын чордону болгон Ворух анклавынын жашоочулары кайрылуу жасашып, “Биз кыргыздар менен согушмак турсун, катуу сөз айтышкыбыз келбейт, бул президент Рахмондун жана анын маңзат менен алектенген жээндеринин “бизнеси” токтоп калгандан жана элди алагды кылуу үчүн атайылап уюштурган чагымчылдыгы...”,- деп айтып чыгышты.
Булак: “Майдан. kg” гезити