Өткөн жумада Жогорку Кеңештин “Ынтымак” жана “Ишеним” фракцияларынын депутаттары чек ара маселесин талкуулоо жана жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Баткен облусунда көчмө жыйын өткөргөн. Депутаттык топ Лейлек районуна да барышкан. Бирок райондун борбору Исфана шаарындагы жыйынды чагылдыруу үчүн барган блогер жана журналист Батмакан Жолдубаеваны Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов киргизбей, жыйын башталар алдында залдан кууп чыгып, ММК өкүлү Юстиция министрлиги тарабынан катталган күбөлүгүн көрсөтсө да, бул документти тааныбай “Сен журналист эмессиң, кана күбөлүгүң?”,- деген сөздөрдү айтып, бирок беттегенин бербеген журналист айым да өжөрлөнүп, “Сиз эмнеге мени дайыма ушинтип кемсинтип, бут тосуп келесиз, эмне жамандык кылдым эле...”,- деп, айтор эки тараптын эмоциясы ашып кеткенде чиновник журналист айымды бет талаштыра уруп жиберип, телефонун колдон жулуп алып ыргытканда, ал сынып калган. Бирок чиновник менен журналисттин “рукопашный боюу” чала-чарпыт видеого тартылып, ал ошол замат интернет айдыңына тарап кетти.
Журналист айымдын айтымында, аппарат жетекчиси анын телефонун тартып алып, чачынан сүйрөгөн. Андан тышкары телефондун экраны сынып калган.
Учурда Жолдубаева Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда. Ал милицияга кайрылып, чиновникке карата арыз жазды. Ал эми Алихан Ураимов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу блогер менен болгон окуяга түшүндүрмө берип, буларга токтолду: “Тасманын тартылбай калган бөлүгүндө мени бетке чаап, кийимдеримди тытмалап, бетимди тытууга аракет кылып, аброюма шек келтирген акаарат сөздөрдү колдонгону коомчулукка жеткирилген жок”.
Б.Ураимова милицияга арыз жазганы да белгилүү болду. Укук коргоо органы чиновниктин аял-журналистти жыйындан кууп чыгып, анысы аз келгенсип, ургандыгына мыйзамга ылайык чара көрөбү же...
Булак: “Майдан. kg” гезити