Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт. 

Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев маалымдагандай, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган. Бул жумушчу топту Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Маалымат боюнча, өткөн жылдын 1-майынан тартып ушул убакытка чейин топографиялык жумушчу топ 81 чакырымдан ашуун жер тилкесин тактаган. 

Эске салсак, ушул жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал болгон. Мындан кийин Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов жолугушуп, чек араны тактоо иштерин жандандырууну, анын нешизинде топографиялык жумушчу топтун ишин улантууну чечишкен. 

Маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымга жетет. Бүгүнкү күндө анын 519 чакырымы гана такталган аймакка кирет. Чек ара толук кандуу такталбаганынын кесепетинен аймакка эки элдин ортосундагы жаңжал маал-маалы менен катталып турат. Айрым учурда бул ок атууга чейин жетип, адам өмүрү кыйылды. Ошондуктан, кыргыз тарап кандай болбосун чек араны тактоону колго алды. Тажик тарап менен акыркы сүйлөшүүлөрдө Ворух анклавына кыргыз тарап жол берип, ал жолду Кыргызстан куруп жана өзү көзөмөлдөй тургандыгы айтылган. Бул Ак-Сай айылынын тургундарынын коопсуздугу үчүн маанилүү экени белгиленген.