Эмгек кодексине аралыктан иштөө боюнча норма киргизилгени жатат. Мындай демилге коомдук талкууга чыгарылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Министрликтин маалымкатында айтылгандай, Эмгек кодексинде жалданма жумушчулар боюнча норма бар, бирок аралыктан иштегендер каралган эмес. Эми документке өзгөртүү киргизилсе, жумуш берүүчү аралыктан иштөөчү жумушчу менен электрондук негизде эмгек келишим түзүп, аны электрондук колтамга менен беките алат. Электрондук эмгек келишимин түзүү расмий эмгек алакаларын тездетип, аралыктан иштегендерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал жумуш издөөчүнүн башка аймакта жашаганына карабай дистанциялык түрдө маектешүүдөн өтүп, эмгек келишимин түзүүсүнө мүмкүндүк берет. Эмгек кодексине мындай өзгөртүү киргизүү эки тарапка тең ыңгайлуулуктарды берет. Алардын ичинде үйдөн чыга албаган, бала бакан аялдарга да мыйзамдуу түрдө аралыктан иштеп, маяна алууга жол ачат.
Булак: “Майдан. kg” гезити