Бийликтин кээ бир кадамдарын түшүнүп болбой калды. Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгине “Асман” шаарын кура турганын жар салып, ал күнү бүгүн да коомчулуктун кызуу талкуусунда. Ал долбоорго акчаны каяктан алат, кантип төлөнөт ж.б. суроолорго жооп берген адам жок. Жомоктогудай болгон бул долбоорду талкуулап бүтө албай жаткан чакта Министрлер кабинети Россиянын “Росатом” ишканасы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына АЭС курууну пландап жатканын билдирди. Кандай ой, максат менен мындай чечимге келишкени белгисиз, бирок дүйнө өлкөлөрү АЭСти куруудан качып жатышканда, биздин АЭС курабыз дегенибиз кандай болот? Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу болуп эсептелет. Ал эми АЭСти мындай жерге курганга болбойт. Жогорку баллдагы жер титиресе, АЭС жарылып, андан чыккан зыяндуу заттар адам өмүрлөрүнө, ден-соолуктарына өтө чоң зыян келтириши ыктымал. Мындан сырткары, АЭС эл жашаган жерден 60-70 км. радиус алыс аралыктагы тегиз жерге курулушу керек. Бизде андай жер барбы? АЭСти курууга болжол менен 3 млрд. доллардын тегерегиндеги каражат талап кылынат. Биз ар дайым Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору экенин айтып келебиз. Андай болсо ушул каражатка АЭСтин ордуна 10дой чакан ГЭСтерди курсак болбойбу? Адам өмүрлөрүнө да коркунуч туудурбайт, экологиялык жактан да зыяны жок. Эмне үчүн Министрлер кабинети ушул маселени колго албайт?

Булак: “Майдан. kg” гезити