Кыргызстандагы коррупциянын тамырын кантип кыркууга болот? Кайсы жерде чоң каражат жүгүртүлсө, ал жерде сөзсүз коррупциялык көрүнүштөр, акчалар уурдалары аксиомадай эле болуп калды. Коррупциялык иш-аракеттер орун албаган бир дагы мамлекеттик орган, ведомство калбады окшойт. Тилекке каршы, Социалдык фонд дагы андай коррупция деген нерседен оолак эмес. Кары-картаңдарга, наристелерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жашоосу оорлорго делген акчаларды кармаган Социалдык фонддо да акча кымыруу орун алып, анын айынан буга чейин катар жетекчилерине кылмыш иштери козголгон. Өкүнүчтүүсү, акча өөнөмөй өнөкөтү дагы деле уланып атыптыр. Дегенибиз, Эсеп палатасы өткөн жылдын отчеттук мезгилинде Социалдык фонддун ишмердигин текшерүүгө алып, 1 млрд. сомдон ашык финансылык мыйзам бузууларды аныктаган. Алардын 538 миңи – каржылык мыйзам бузуулар болсо, 840 млн. сом Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан максатсыз, мыйзамсыз жумшалган, ал эми түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 200 млн. сом солонуп кеткен. 1 млрд. сом чоң акча. Ал үчүн ким жооп берет? Бул акчанын ордун ким толтурат? Эмне үчүн бир дагы адам жоопкерчиликке тартылган жок? Минтип уурдаган, кымыргандар жазасыз кала берсе, ал коррупциянын мындан ары да гүлдөй беришин шарттайт го.

Булак: “Майдан. kg” гезити