Экономикалык оорчулуктан, жумушсуздуктан улам жылына жүз миңдеген жарандарыбыз иштөө үчүн сыртка кетип турушат. Алардын иштеп таап, жөнөткөн каражаттары менен өлкөбүздөгү жүз миңдеген үй-бүлөлөрдүн тиричиликтери өтүп атат. Алардын аз гана бөлүгү ошол өлкөдө узакка калып, жарандыгын алып, биротоло отурукташып калбаса, көпчүлүгү кайра келишет. Ошол эле мезгилде өлкөнү биротоло таштап, Россияга кетип аткан жарандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Атап айтсак, Россиянын мекендештерди көчүрүп келүү мамлекеттик программасынын алкагында өткөн жылдын жарымында 1 миң 300 жаран биротоло Кыргызстандан кеткен. 2020-жылы бул көрсөткүч 400 адамга аз болчу. Туруктуу жашаган жерин алмаштыргандардын 56 пайызы - эркектер болсо, 44 пайызы - аялдар. Алардын басымдуу көпчүлүгүн 30-40 жаштагылар түзсө, төрттөн бир бөлүгү кичинекей балдар. Учурда бул программанын кетүүгө уруксат берүүсүн 9 миңден ашык жаран күтүп жаткандыгы белгилүү болду. Россиянын ИИМи билдиргендей, биротоло көчүп баргандар негизинен Тульск, Челябинск, Новосибирск, Калужский, Самара, Воронеж, Калининград, Тамбов, Омск, Кемерово облустарына барып жайгашкан. Көпчүлүгү шаарларга отурукташууну туура көрүшөт. Жалпы кеткендердин алтыдан бир бөлүгү гана айылдарда жашаганга макул болушат.
Булак: “Майдан. kg” гезити