2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызамыты кабарлады.
Маалыматка караганда, эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз.
- Бишкек шаарында – 191,
- Баткен облусунда – 142,
- Ош облусунда – 112,
- Ысык-Көл облусунда – 78,
- Жалал-Абад облусунда – 60,
- Талас облусунда – 20,
- Нарын облусунда – 12,
- Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.
Булак: vb.kg