Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен академик, белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун тирешүүсү апогейине жетчүдөй болуп калды. Бейшеналиев Жумабековду оорукананы "менчиктештирип" алганын айтса, Жумабеков министр аны кодулап жатканын билдирген. Бул тирешүү боюнча белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдраманов пикирин билдирди:
- Эки академик жетекчи талашып жатканда унчукпай эле койгум келди эле. Бирок маселе министр менен академиктин ача пикиринде деле эмес. Экөө тең медицинага күйгөн, тармактагы башы көрүнгөн жетекчилер, академиктер. Максаттары медицинаны оңдоо деп түшүнөм. Бири медицинада реформа жасайм дейт, экинчиси өзү бүт өмүрүн арнап түптөгөн чоң мекемени сактап калсам деген жакшы эле ниеттери бар экенин көрүп турам.
Ич ара келишпестик болсо алар эстүүлүк менен чечишип алышаар деп ишенем.
Бирок маселе эмнеге так ушул түптөлүп калган Травматология илимий борборунун оордуна шаардык тез жардам ооруканасы уюшулаары пландаштырылып жатканында. Албетте, тез жардам ооруканасы сөзсүз керек. Бул шаар үчүн эбак эле чечиле турган чоң көйгөй. Бирок менде түшүнүксүз көп суроолор бар.
1. Ошол тез жардам ооруканасына Кыргыз - Түрк ооруканасын же башка оорукананы, бузулуп жаткан имараттарды берсе болбойт беле?
2. Эмне үчүн тез жардам ооруканасын жаңыдан заманбап имарат куруп, запанбап жабдык менен жабдып, жаңы технология алып келип, запанбап тез жардам ооруканасын курса болбойсун? Мисалы, эмнеге ошол эле травмотология борборунун жер тилкесине Кувейт, Аравия өлкөсүнөн келген акчага жаңы курса болбойт?
3. Эмнеге 17 жылдан бери түптөлүп калган, дүйнөгө белгилүү болгон чоң илимий практикалык, окуу кадрдык потенциалы, базасы күчтүү, мамлекетке керектүү тармактын башкы мекемесин жок кылып, травматология -ортопедия кызматын майдалап, башка больницаларга бөлүп таратып бериш керек? Эмнеге даяр мекемени "талкалаш" керек? Бир канча жыл мурун, реформа жасайбыз деп, ондогон жылдар күчүн жумшап уюштурган директору академик А.Раимжанов агайды жумуштан четтетип Гематология илимий борборун жоюп, онкология борборуна кошуп койушту эле, өнүгөт, жакшы болот деп. Азыр эмне гематология кызматы өнүгүп кеттиби?
4. Деги эле бириктирүү, кошуу же жоюу жолу менен эле медицина тармагында ийгилике жете алабызбы же жаңы имараттарды куруп, койкаларды көбөйтүп, врачтык жумуш орундарды көбөйтүшүбүз керекпи?
5. Биз, эл, өкмөт эмнеге медицинаны оңдогубуз келсе жаңы больницаларды курбайбыз, жаңы жабдык албайбыз, операцияга керектүү кымбат баалуу шаймандарды сатып бербейбиз, медиктердин маянасын көтөрбөйбүз, иштөө шартын оңдобойбуз? Бүгүн Бишкек шаарынын эли 600 миңден 1000000 жетип ашты, а жалпы эл 4.5 млн дан 6.5 млн болду да. А койкалар, врач орундары, больницалар баягы эле эски, Манас реформасы менен кыскартылган бойдон калды, эскилиги жетип урап баратат.
6. Маселе Жумабековду жумуштан алыш керек болсо чоң борборду бөлүп - жарбай, коомдо резонанс кылбай эле алуунун башка ийкемдүү жолу жок беле?
7. Эгерде ал мыйзамсыз иштерди жасаган болсо, больницаны менчиктештирип алган болсо аны эмнеге иликтешпейт, такташпайт тийиштүү органдар, анан сөз кылышпайт? Такталбаган божомолдор менен күнөөлөгөн туура эмес. Ушул окуядан, талаштан улам ушуга окшогон жана башка орчундуу суроолор ар бир медикте жаранда жаралат.
Эмнеге кыргыз медицинасынын лидерлери экөө ийри отуруп түз кеңешип туура макулдашылган жолду тандашпады экен? Бизге коомдогу проблемалардан башка медицинада ушундай чыр- чатак жаратуу, коомду экиге бөлүп дүрбөтүү керек беле? Өкүнүчтүүсү, маселе чечүүнүн башка ийкемдүү жолун тапсак, издесек болбойт беле деген ж.б.д.у.с. суроолор туулат. Эмнеси болсо да медиктер өз милдеттерибизди так аткарып элдин үмүтүн актайлы, өкмөттүн медицинаны реформалоосун колдойлу! Жарандарга жеткиликтүү медициналык жардам берели. Башка максат, милдет да, жол да жок бизде.
Ооба, медицина балчыка батты, анда биз медиктердин да күнөөбүз бар. Тез арада өкмөт тармакты реалдуу реформалоого барышы керек. Ушул академиктердин талашы, келишпестиктер да мамлекеттик медицинабыздын терең кризиске кептелгенинин бир белгиси!
Кантсе да бири бириңердин жүрөгүңөрдү сактагыла коллегалар! Биз врач экенибизди унутпайлы!