Бир кезде “Душанбенин мэри” деп аталып, борбор калаасында гана бийлик жүргүзүп, калган аймактарды тажик талаа командирлерине алдырып койгон азыркы канкор Э. Рахмаондун толук жеңишке жетишине дал ушул ошол учурдагы кыргыз бийлигинин (Аскар Акаевдин) салымы чоң болгон. Анткени касташкан эки тарапты көлөкөсүнөн алысты көрө албаган, жылмаңдап күлгөндү гана билген Акаев Бишкекке бир нече ирет чакырып, “Эгер жарашуу документине кол койбосоңор бүгүн каза болгон апамдын жаназасына да барбаймын...”,- деп, адаттагы амалкөйлүгүнө салып отуруп кол койдурган. Атың өчкүр Акаев ошону менен эле чектелип калбастан, Рахмонго 80 автомат жана башка курал-жарактарды берип салгандыгын баарыбыз билебиз. Эми жакшылыкты унуткан Рахмон кыргыздардын жерине. Байлыгына көз артып, бейкүнөө жаш балдар менен кары-картаңдарды фашисттердей кырууда.

Бул ирет тажик бийлигинин кыргыздарга карата агрессиясын тажиктер өздөрү да айыпташып, чындыкты айтышууда. Биздин Баткендеги маалымат булагыбыз 27-январдын кечинде Тажикстан тарабынан башталган чагымчылдык кимдер тарабынан уюштурулуп, кандай максатты көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат жиберген.

Анда "Тажикстандын куралдуу күчтөрү оор ок атуучу техникаларын чек ара аймактарына алып келип, жергиликтүү эл арасын дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралу өз атын атагысы келбеген тажик жаранынын билдирүүсүн Ворух маалымат агенттиги жарыялаган",- деп айтылат.

"Биз кыргыз-тажик конфликтин каалабайбыз.Эмомоли Рахмондун үй-бүлөлүк башкаруусун сактап калуу үчүн курман болгубуз келбейт. Бийлик элди алаксытуу үчүн атайын чагымчылдык кылууда. Мунун аркасында Рахмондун бийлиги турат. Кыргыздар менен согушмак тургай , чыр- чатакты биз каалабайбыз. Ансыз да тажикстандагы кымбатчылык, оор жашоо жетишет. Россияга Ворух айылынан 70-80 пайызы көчүп кеткен. Айыл ичинде наркотика колдонгон аскерлер толуп кетти. Коркуп жатабыз. Бул токтош керек",- деп  Ворух жаңылыктары интернет басылмасы жарыялады.

Айтор тажик жарандары өздөрү Рахмондун режимин айыптап, кыргыздарга кол салууну алаксытуу үчүн пайдалангысы келип жаткандыгын ачык айтышса, анда жакын арада алар деле революция жасаганы калышыптыр...

Булак: “Майдан. kg” гезити