Өлкөбүздүн түштүк аймагында жеке адамдардын үйүнө түн жамынып кирип, акча, алтын жана башка баалуу буюмдарын уурдаган каракчылык күч алууда. Мисалы, 11-январында саат 00:05 чамасында Ош шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз атуулдар ок атуучу курал жана бычактар менен куралданышып киришкен. Кылмышкерлер үйдө болгон баалуу буюмдардын баарын талап кылышып, аталган батирден 1400 (бир миң төрт жүз) АКШ долларын, 12000 (он эки миң) сом акча каражатын, алтын зергер буюмдарын жана 2 (эки даана) уюлдук телефондорун карактап алып кетишкен.

Алынган маалымат Ош ШИИБнын электрондук маалымат журналына катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда 2022-жылдын январь айынын башында кылмышка шектүү жарандар тоноого даярданышып, “акчасы болушу мүмкүн” деп болжолдошуп, аталган даректеги үйдү карактоону пландаштырышкан.

11-январга караган түнү кылмыштуу топ күмүш түстөгү “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү унаасы менен жабырлануучунун үйүнө барышат. Үйдүн терезесин өздөрү менен кошо алып барган темир лом менен бузуп ачып, терезе аркылуу үйдүн ичине кирип, үйдүн эшигин ачышкан. Үйгө киришип, үй ээсинин балдарын карап отурган аялды көрүп калышып, топтун бирөөсү колундагы бычагы менен анын көкүрөк тушуна такап, “үнүндү чыгарба” деп эскертсе, дагы бир мүчөсү М.Т. болсо колундагы тапанча менен жер тарапты көздөй эскертүү иретинде атып “сейф каякта, ачып бер, болбосо өлтүрөмүн” деп коркутуп, үйдүн ичиндеги эмеректердин баарын тинтип, 1.400 (бир миң төрт жүз) АКШ доллар, 12.000 (он эки миң) сом акча каражатын, алтын зергер буюмдарын жана 2 (эки даана) уюлдук телефондорун карактап алып кетишип, аталган зергер буюмдарды Жалал-Абад шаарына алып барып, 117 000 (бир жүз он жети миң) сомго сатып, акчасын бөлүп алышкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөсү Б. О.го таандык күмүш түстөгү “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүлүп, бир даана бычак, ар кандай түстөгү 4 (төрт) жуп курулуш кол каптар, 1 (бир) даана медициналык бет каптар, 5 (беш) даана кышкы куртка, 2 (эки) даана спорттук шым, 1( бир) жуп спорттук бут кийим алынган, ал эми топтун дагы бир мүчөсү Т. М.нын үйүн тинтүүдө уурулук жолу менен келген бир даана сыналгы, каракчылык фактысы боюнча бир даана ноутбук жана ошондой эле бир даана белги берүүчү МР-371 КВ Жевело-Н сандуу тапанча алынган.

Бүгүнкү күндө кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрү аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: “Майдан. kg” гезити