Энергетикалык каатчылык, күйүүчү, майлоочу майларга болгон баанын күн санап өсүп жатышы бул табигый байлыгы жок мамлекеттерден тартып, катардагы жарандарына чейин ойлонтуп, экономикасына оңой эмес оорчулуктарды жаратууда. Айрым мамлекеттер транспорттун электр энергиясы менен жүргөн түрүнө өтүшүүдө. Бирок электромобилдин баасы кымбат болгондуктан, аны сатып алууга да ар кимдин чөнтөгү чак келе бербейт. Ошондуктан кризистен чыгуунун эң ыңгайлуу жолу – ата мекендик электр транспортун чыгаруу болуп саналат.

Бул багытта мамлекет тарабынан азырынча эч кандай демилге болбосо да, жеке ишкерлер колдон келген аракетин жасашууда. Мисалы, С. Жээнбеков президент болуп турганда Ошто “Унаа Курулуш” ишканасы жүргүнчүлөрдү ташый турган автобус жасап жаткандыгы айтылып, ал тургай мамлекет башчысы өзү ал ишканага барып, иштин жүрүшү менен таанышкан. Бирок андан бери бир нече жыл өтсө да, электромобиль эмес, электровелосипед да чыгарылган жок. Мындан тышкары Чүй облусунун аймагында да жеке ишкерлер жүк ташый турган машина чыгарышкандыгы айтылып, көрсөтүлүп келатат. Азырынча бул ишкана да электр энергиясы менен жүргөн өз транспортун коомчулукка көрсөтө элек. Болгону жакында Бишкектеги “Тазалык” ишканасы көчө шыпыра турган ата мекендик электр кыймылдаткычы менен иштеген техниканы сатып алары айтылып, эгер бул тажрыйба ийгиликтүү болсо, дагы сатып алыша тургандыгын убада кылды.

Ушул жумада да Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүнчү автобустары өндүрүлгөндүгү тууралуу маалымат берилди.

Биринчи Made in KG BELES аттуу автобусу европалык DAF автоконцерни менен биргеликте өндүрүлүп, пилоттук түрдө чыкты.

Маалыматка караганда, автобустун кемчиликтери оңдолуп чыккандан кийин, газ жана электро кыймылдаткычтары менен жүргөн шаарга ылайыкташтырылган  жүргүнчү автобустарын чогултуу линиясын орнотуу пландалууда.

Эгер жергиликтүү ишкерлердин бул электро автобусу сыноодон ийгиликтүү өтө турган болсо, анда жогоруда айтылган энергетикалык гана каатчылыкты жеңбестен, ыш каптаган борбор шаарыбыздын экологиясы да тазарып калмак.

Булак: “Майдан. kg” гезити