27-январда Баткен районунун Төрт-Көчө участкасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда кезектеги кандуу кагылышуу болуп өттү. Кыргызстан тараптан 13 адамдын ар кандай жарааттарды алганы, ал эми тажиктер тараптан 2 адам өлүп, ондон ашыгы жарадар болгондугу кабарланды.

Кезектеги дегенибиздин себеби, эки өлкөнүн жарандарынын, чек арачыларынын ортосунда кагылышуулардын болуп турушу адатка айланып калды. Өткөн жылдын апрелинин аягындагы майдын башталышындагы кагылышууларда бизден 39, тажиктер тараптан 17 адам өлүп, көптөр жарадар болуп, ондогон турак жайлар, соода жана тейлөө обьектилери кыйрап, өрттөлүп, Кыргызстандын экономикасына, социалдык чөйрөсүнө ири суммадагы зыяндар келтирилген. Бул ирет кагылышуунун масштабы ага жетпеген менен адамдар, чек арачылар жараат алышты. Жүздөгөн тынч жарандар эвакуацияланып, дагы ири суммада зыян тарттык. Ал эми көз карандысыздыктан бери чекаралардагы жаңжалдардын саны 40ка жакындап калды. Майдаларын кошкондо андан ашып кетиши да мүмкүн. Эң жаманы, ал жерлерде жашаган жарандарыбыз кыйналууда, өз үй-жайларын таштап, же арзан бааларга сатып, башка жактарга көчкөндөрдүн сандары артууда. Жыл ичинде 2-3 жолудан жаңжал чыгып, ок атышуулар болуп, өмүрлөрүнө коркунуч жаралып турса, ким деле болсо жадайт, балачакасын алып, коопсуз жактарга кеткиси келет. Киндик кан тамган жер ыйык, кымбат, бирок ар адамга өз өмүрү, бала-чакасынын коопсуздугу андан да кымбат.

Эки өлкөнүн ортосундагы перманенттик мүнөзгө айланган кагылышууларды кантип чечип, жарандарыбыздын коопсуздугун, бейпилдигин кантип камсыз кылса болот?

Анын бир эле жолу бар: эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды тезирээк делимитациялап, анан демаркациялап, ала мамыларды орнотуу, участокторго тикендүү зым торлорду тартуу зарыл. Ага эки өлкөнүн тең жетекчилиги кызыкдар, бирок маселенин баары чек аралардын линияларын аныктап, тактоодон чыгууда. Тажик тарап ага кошо биздин аймакта анклав болуп калган Ворухка жол салып, аны көзөмөлдөөнү өздөрүнө берүүнү категориялуу түрдө талап кылууда. Эгерде ал өтүнүч аткарылса, Баткен облусу экиге бөлүнүп, Батыш жагы анклав болуп калганы турат. Ага эч качан макулдук берилбеши керек. Тажиктер ал жолду 49 жылга бизге ижарага бергиле деши да мүмкүн, ага да макулдук бербөө керек. Анткени, жолго уруксат берилсе эле алар жолдун эки тарабына ар кандай тейлөөчү түйүндөрдү куруп, аймактарын кеңейте баш¬ташат. УКМКнын жетекчиси К.Ташиев айткандай, ал жолду Кыргызстан өз күчү менен куруп, андан өткөнү үчүн башка өлкөлөрдүн автоунааларынан акы алуулары зарыл. Маселен, Кайыңдыдагы посттон Төө-Ашууга, Кара-Көлдөн Кетмен-Төбө тарапка өткөн ар автоунаадан 45 сомдон жол акы алынат. Анда эмне үчүн жаңы жол үчүн тажиктер жол акы төлөбөшү керек?

Айрымдар эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдарды Эмомали Рахмонго байланыштырып, диктатор кутурууда дегендейди айтышууда, жазышууда. Биздин оюбузча, чек арадагы жаңжалдарга ал кызыкдар эмес. Ден соолугу начарлап бараткан Рахмон деле баарын тынч жол менен чечип, баласына ашыкча көйгөйлөрү жок мамлекетти өткөрүп бергиси келет. Мында көйгөйлөрдү персоналдаштырбоо керек, баардык маселе - эки өлкөнүн ортосундагы чек аралардын жөргөмүштүн желээсиндей чаташып калганында, анан биздин мурдагы айрым жетекчилердин авантюристтик өзүм билдим чечимдеринде болууда. Алсак, Баткен районунун Төрт-Көчө участкасындагы жолдор тогошкон жерди 2009- жылы ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров ал участканы тажиктердики деп таанып, аны 49 жылга ижарага алганга кол коюп салган экен. 27-январдагы кагылышуу мына ошол Төрт-Көчөнү тажиктер тосуп, трассага таштарды үйүп салгандан келип чыкты. Бул маселе мурдатан козголуп, А.Мадумаров УКМКга сурак берип жүргөнүн билебиз. Эми аны дыкат текшерип, эгерде мыйзам бузулгандыгы, А. Мадумаровдун ыйгарымынан чыгып кеткени аныкталса, ага сөзсүз укуктук баа берилиши керек. Бир ала көөдөн мамчиновниктин алаңгазарлыгынан улам Кыргызстан стратегиялык маанидеги 5 гектар жеринен ажырап, жергиликтүү тургундар гана эмес, Лейлек тарапка каттагандардын баардыгы кыйналып, жоготууларга тушугуп жатышканы үчүн андай ашыкча кыйынчылыкты, көйгөйдү жараткандардын баардыгы өз жазаларын алуулары зарыл.

 Адат болуп бараткандай кагылышуулар чыкканда гана делимитация, демаркация жөнүндө айгай салбастан эки өлкөнүн тийиштүү органдары Баткенге көчүп барып, ошол жерде такай иштөөлөрү зарыл. Эки өлкөнүн президенттери: “чек ара маселелерин толук чечмейинче Бишкекке, Дүйшөмбүгө келбейсиңер. Ага чейин ошерде жашагыла, иштегиле” деп коюшса, делимитация, демаркация маселелери ашып кетсе бир жылда бүтмөк. Тилекке каршы, азырынча тийиштүүоргандарга, кызматтарга карата андай категориялуу талап болбой жатат. Орустардын “күн күлдүрөмөйүнчө, мужик чокунбайт” дегениндей болуп бара берсе, чек ара көйгөйлөрү жакын ортодо чечилбейт. Күчтүү саясый эрк, каалоо менен бирге үзгүлтүксүз иш аракет да зарыл болуп турат.

Булак: “Майдан. kg” гезити