Кыргыз-тажик чек арасында жакында болгон окуя Тажикстандын күтүүсүз кол салууларына туруштук берүүгө жана мизин кайтарууга Кыргызстандын күчү жетиштүү болуп калганын көрсөттү. Өткөн жылдын апрель айындагы чек ара жаңжалы куралдуу кол салууга айланып, жыйынтыгында 173 кыргызстандык жабыркап, анын 34ү каза болгон эле. Коңшу мамлекет ондогон кыргыз айылдарына ок чыгарган, бир нече үйлөр өрттөнгөн.

А бул сапар, январь айындагы окуя кырдаал өзгөргөнүн тастыктады. Кыргыз чек арачылары ок атууларга каршы турууга толук даяр болушкандыктан, былтыркыдай кайгылуу көрүнүшкө жол беришпеди. ӨКМ саналуу убакытта кооптуу аймактардан 24 миңден ашуун жарандарды алып чыгышты, аларга башка аймактардан убактылуу баш калкалоочу жайларды уюштуруп, керектүү буюм-тайым, азык-түлүк менен камсыздай алышты. 

 Кесепеттердин картинасы да өзгөрдү. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына караганда, бул окуядан 13 адам жабырланды. Кыймылсыз мүлккө келе турган болсок, чыр чыккан жерде эки сарай, автоунаа өрттөндү, 10 үй жабыркады.

 2021-жылдын апрелиндеги окуяда эки тарап бир нече күн бою макулдашууга жетише албай, андан кийин гана бир чечимге келишкен. Андагы макулдашуу тажик тараптан бузулган, биздин коңшулар өздөрүн кырдаалдын кожоюну сезишип, аны бизге көрсөтүүдөн тартынышкан жок. А азыр конфликтти жоюу боюнча сүйлөшүү бир суткага жетпей жүрдү. Тараптар окуянын келип чыгуу себебин иликтеген биргелешкен комиссия түзүүнү, жаңжал башталганда үйлөрүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болгон тургундарды үй-жайларына кайтарууну, жолдорду ачууну, кыйраган инфраструктураны жана электроэнергия линияларын калыбына келтирүүнү, бардык аскер бөлүктөрүн чек аранын тийиштүү линиясынан чыгарып кетүүнү чечишти.

Мындай өзгөрүүлөрдүн себеби эмне? Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кыргыз армиясын күчтөндүрүүгө болгон иш аракеттери жүзөгө ашты. Өткөн жылдагы жаңжалдан өлкө башчысы туура корутунду чыгарды: кыргызды өзүбүздөн башка эч ким коргобойт. А бул  Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн мыкты армия түзүш керек, ошондо гана биз менен эсептеше башташат дегенди билдирет.

 Оппозиция мамлекет башчысын “Байрактарды” алып келгени үчүн сындаган эле. Бирок чек арадагы окуя бул кадам туура болгонун, армияны күчтөндүрүү менен гана коңшуларга тең мамиле кыла алаарыбызды көрсөттү.

 Баткендеги чек ара маселеси 30 жылдан бери болуп келатканына карабай, бир дагы президент кыргыз армиясын күчтөндүрүүгө көңүл бурган эмес. Бул кырдаалды учурдагы бийлик өзгөрттү, бир жылга жетпеген убакытта Кыргызстандын заманбап, күчтүү армия түздү.