Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов Башкы прокуратурага суракка чакырылат. Бул маалыматты «АКИpress» агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Сулайманов кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берет. Ал 2005-2010-жылдары транспорт министри кызматын аркалаган. Учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп саналат.

Буга чейин Башкы прокуратурадагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов чакырылган.

Булак: barakelde.org