Башкы прокуратура тарабынан бизнес коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Максаты ишкерлер тарабынан бизнестин абалына баа берүү, ишкердик укуктарды коргоо көйгөйлөрүнө, практикага жана мыйзамдарга талдоо жүргүзүү болуп эсептелет.
Сурамжылоо анонимдүү түрдө жүргүзүлүп, жалпы 155 респондент катышкан. Анын ичинен:
-чакан ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 30 адамга чейин) – 78;
-орто ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 30дан 100 адамга чейин) — 18;
-ири ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 100 адам жана андан көп) — 6;
-жеке ишкер – 53.
Респонденттер төмөнкү тармактардын өкүлдөрү: тейлөө чөйрөсүнөн 31%, айыл чарба 15,5%, өнөр жай 12%, жеңил өнөр жай 9%, туризм 6%, соода 5%, курулуш 3%, тоо-кен казып алуу 2,5% ж.б.
Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоонун деңгээлин изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүү боюнча кадамдарды иштеп чыкты.
Сурамжылоо БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу жана Башкы прокуратуранын демилгеси менен өткөрүлдү.
Булак: Маралфм