Россиянын Санкт-Петербургда эки жашар кыздын өлүмү боюнча кыргызстандык аялга кылмыш иши козголду. Ал  мыйзамсыз бала баккыч болуп иштеген. 

Россиялык басылмалар жазгандай, Муринодогу бала бакчада 2019-жылы туулган кыз каза болгон. Ал 27-январда ооруп калган,  бирок балдарды караган аял дарыгерлерди чакырган эмес. 30-январь күнү эртең менен кыздын чарчап калганы белгилүү болгон. 

Маалым болгондой, бул иште кыргызстандыкка чейин өзбекстандык аял иштеген жана ал ордун өткөн жылдын ноябрь айында бошотуп берген. Орус өлкөсүндө мыйзамсыз жашаган кыргызстандык аял  Санкт-Петербургдагы Науки проспектисиндеги батирде жашап, ошол жерге  мыйзамсыз бала бакча ачкан.

Бала ооруп калганда документтери туура эмес экенинен корккон аял дарыгерлерди чакыра албаган. 

Мындан улам аялга карата "Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери уланууда.