Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэрлигине кайрадан дайындалабы? Бул суроого экс-мэр өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди: 

- Акыркы убакта мени Бишкек шаарынын мэри болот деген имиш активдүү тарап кетти, ал турмак менин өзүмө да телефон чалып, сурап башташты. Мен имиш кептерге көңүл бурбайын дегем. А Атай Бейшенбек бул боюнча мени дебатка да чакырып жиберди. Бирок тилекке каршы, эки айдан бери Кыргызстанда эмесмин, февралдын жарымынан кийин гана барам. Болбосо чын дилимден талкуулашмакмын, дебаттан, ыңгайсыз суроолордон, шаардыктар менен жолугушуудан эч убакта качкан эмесмин, дайыма шаардын көчөлөрүндө эркин жүрөм, адамдар менен сүйлөшөм. Ал турмак "өлкөдөн чыгып кет, болбосо камайбыз", - дешкенде да качпагам. Ошондуктан, эгер суроолоруңуздар болсо, барганымдан кийин жолугушууша жана кандай суроо болбосун жооп берүүгө, дебаттарга катышууга даярмын. 

Кайра барганымдан кийин кыргыз тилдүү гезиттердин бирине кеңири маек берип, эмнеге шайлоого барбаганымды, эмнеге мэр болгум келбегенин түшүндүрүп айтып берем, андан башка да суроолорго жооп берем, - деди Нариман Түлеев.