2021-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 836 млн долларга жеткен. Мындай маалыматты Түркиянын Статистика институту 31-январда жарыялады.
Түркиядагы импорттун көлөмү 749,5 млн доллар болсо, Кыргызстандагы экспорт 86,5 млн долларга жетти. 2020-жылга салыштырсак, импорт 79,5 пайызга жогорулап, экспорт 5 пайызга төмөндөгөн.
Булак: barakelde.org