31-январда Жогорку Сот “Кабарлар.kg” интернет басылмасынын жетекчиси Үмүт Мукамбетованы күнөөсүз деп тапты. Иш судья Күмүшбек Жоомартовдун төрагалыгы алдында каралды.

Белгилей кетсек, Мукамбетова 2021-жылдын 22-февралында 84 000 сом опузалаган деген шек менен кармалган.

УКМК билдиргендей, кармалган адам видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылган, ал жерде арыз ээси мас абалында унаа айдаганы үчүн патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан учурда кармалган.