-Сонунбү эже, журналист Болот Темиров камактан чыккандан кийин анын бирөө менен пикир алышкан аудио жазуусу, ал тургай кайдан кантип каражат алган схемалары да ачыкка чыкты. Айрымдар аны чындыктын курмандыгы болуп жаткандай  колдоого алса, кээ бирөөлөр аны Кыргызстандын тынч жашоосуна бүлүк салууну көздөгөн, элди бийликке каршы тукурган адам катары сүрөттөп жатышат.  Батыштан каржыланган  НПОлор менен  маалымат каражаттарынын түпкү максаты башкабы?

- Мен да ошондой ойдо калдым. Негизи НПО колдоп чыккан бир да маселени башынан эле колдобойм. Анткени, булар бизге киргенде менталитетибизди толук окуп алып анан кирет экен. Анан ошол талуу жерден кармашат. Болот Темировду да батышчыл күчтөр колдоп чыгышты. Бул жерде бир мандем бар. Биз алардын провокациясына азгырылбай, сергек карабасак элди албарстыдай азгыргандар ушулар.

- Бирок, демократиянын үлгүсү батышта деп аларга суктанабыз го?

- Батыш бизге таза жана чыныгы  демократияны  алып келбей, демократиянын саркындысын алып келген экен. Батыштын өзүндө  демократия маданият менен айкашып өздөрүнүн байыртан келе жаткан адаттарына ыктап тургандай сезем. Биз эле "боёкчу боёйт десе, сакалын кошо боёйт"  дегендей демократиядан жутагансып  басып калдык.

Батыштын максаты биздей алсыз, жаңы телчигип келе жаткан өлкөлөрдү бутка чалыштырбай жок кылуу. Бараткан багытынан адаштырып, жолунан чыгаруу. Тамтаңдатып ар кайсы динди, кааданы сүзгүлөтүп жүрүп отуруп, акыры эсин оодарып жардан кулатып жиберүү. Ошондуктан өтө акылдуу, билимдүүлөрдү тандап алып бакчадагы мезгилинен бери жетелеп жүрүп отуруп мээсин тескери айландырып кыргызды кыргызга душман кылып тарбиялап туруп анан элге агытып койот.

- Айтмакчы,  Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун жетекчиси Асылбек Маратов  “Урматтуу өнөр сүйгөн кыргыз эли: Бүтүндөй кыргыз өнөрүнө анын ичинен бүтүндөй төкмө акындарга көө жапкысы келип, Болот Назаровду азгырып, бузуп курал катары пайдаланып батыштын  акчасына маарыган, өздөрүн “НПО” атаган чет элден каржыланган сырткы күчтөргө убалыбыз жетсин” деди го. Акындар да күйгөнүнөн айтып баштадыбы?

- Негизи акындардын ичинен жүрөгү ак, чындыкты беттеген, сөөгү таза жигит ушул Асылбек Маратов. Бирок жанындагы "достору" өпкөдөн ары бир коюп, доошуңду чыгарба десе унчукпай отуруп калат. Ички дарты ичинде. Демек, Болот Назаров азгырылган. Биздин кыргыз наркын карманып, төкмөлүк өнөрүн туу тутуп жүргөн инсандардын сатылышы Батышка  табылгыс чоң байлык да. Бул көрүнүш чындыгында өкүнүчтүү.

Аэлита Сатындиева