- Асан агай, “Kaktus Mediaнын” тажиктерге ыктаган маалымат таркатканына нааразы болгондор бүгүн митингге чыгышты. Бирок “Kaktus Mediaны” жапсак, эртен “Азаттыкты”дагы башкасын жаап, сөз эркиндигин муунтуу болот дегендер чыга башташты. Мындай абалда эмне кылышыбыз керек?
- Чет өлкөдөн каржыланган ар бир маалымат булагы жабылышы шарт! Анткени, мамлекеттик коопсуздук деген ыйык нерсе бар. Биз эгемен мамлекетпиз! Өз маселебизди өзүбүз чечкенбиз жакшы. Кыргыз эли ошондо ынтымакта жашайт. Сөз эркиндиги кыргыз элинде тээ байыртадан бери болгон жана боло берет. Кыргызда жакшы макал бар: "Баш кесмей бар, тил кесмей жок!"- деген. Башын кесип алмайынча кыргыз акыйкат сөздү айтат. Бөтөн эл бизге үйрөтпөй эле койгону оң.