“Kaktus Media” мурунку жаңжалда дагы Тажик тарапка ыктаган маалыматтарды чыгарган. Алар актангандай биринчи эле жолу катачылыкка  жол беришкен жок.

“Kaktus Media” кечээ эле калпыстыкка жол берип, туура эмес маалымат берип жатышкан жок. Булар башынан эле элдин башын айлантып, чаргыткан туура эмес маалыматтарды беришет. Чек ара боюнча чыккан мурунку жаңжалда дагы тажик тарапка ыктаган маалыматтарды чыгарышкан. Кыжырданган эл чыдамы түгөнгөндө мындай билдирүүлөрдү кылган дешип, Фейсбукка элдин  “Kaktus Media” жабылсын" деген видеолорун жүктөштү. Көрсө, “Kaktus Mediа” жабылсын деген талап менен жөн эле чыгышпаптыр. Булар биринчи эле жолу катачылык кетиришпептир. Учурда   “Kaktus Mediaнын” жетекчисинин митингге чыккандарды "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп айтканына нааразы болуп, ого бетер ачууланып жатышат. Чынында, мамлекетибиздин бар экенине шүгүр кылып жашасак болмок. Кыргызстанда туруп, ок атып, жайкын элге кол салып, жерибизди ээлеп алууга ашыккан адамдарга жан тартпай.

Чынында “Kaktus Mediaнын” кечээги жоругу чыккынчылыкка барабар  иш болду. Ага карабай ар кимдин оозу менен эки тараптуу материал даярдаганбыз деп айттырышууда. Кандай болгон күндө да булардын жазганы чыккынчылыктын жеткен чеги десек болот. ошон үчүн мындан ары мамлекеттин кызыкчылыгы турган жерде оюна келгенди оттотпой, демократия деген шылтоо менен мамлекетке каршы иштешине жол бербешибиз керек.