ПРОВОКАЦИЯ токтобосо, эларалык коомчулукка кайрылган оң.

Бүгүнкү Кыргызда "Баткенде дагы жаңжал чыкса-а, анан тезирээк ОДКБ тонун жамынган Россия аскерлери Кыргызстанга кирип, Москва кыргыз мамлекетин толук көзөмөлүнө алса-а" теп тымызын тилек кылган кишилер, тагыраагы, Кремлдин "таасир" агенттери арбын көрүнөт. Сыягы, алардын анабашы Ф.Кулов болсо керек. (2007-жылдары ал Россияга кошулуу демилгесин да көтөргөн эмеспи?.)

Кулов өткөн жаздагы чегара чырында да "одыкыбылап" кыйкырып, лекин, ою ишке ашпай, умсунуп калып калган эле...

Кечээги казак тополоңунда болсо, ОДКБ күчтөрүнүн Казакстанга киришине жетине албай, "20 миң террорист" жөнүндө Путин-Токаев-Лукашенко үчилтиги токуган жомокту таңуулап, кыргызга таратып, "алар бизге басып кирет" деп сарсанаа тартымыш этип (өзү мурунку чекист башчы!?), кыргыз коомун үркутүп-коркутканга далалаттанып, орус империализмине жарчы болгон..

Оңдой берди болду дегенсип, бүгүн Баткенде ок атылары менен кайрадан "ОДКБ" деген эски обонун созо баштады "Фейсбук" бетинде.

Бир кезде "ушул Феликс Кулов ( аты менен фамилиясы деле өзүнчө баага арзыйт!) президент болушу керек, ушу кыйратат" деп, тегерегине атту-баштуу кыргыздын эчени чогулуп, этегине эрмешип, колдоп- сүрөп да жүрүшкөн эле...

Мамлекеттик инстинкт калыптанбаган, мамлекетчил аң-сезимдин тамыры бошоң, улуттук ар-намыс, руху тайыз, көөдөк коомго мындай иштер көнүмүш тура...

Айтса, Жапаров-Ташиев бийлиги да так ошол айласыз деңгээл, алешем түшүнүктүн "жемиши" эмеспи?!

Түпкүлүгү, Кыргыз Республикасы ар кандай кырдаалга даяр туруп, өз чегин өз күчү менен коргоп, агрессияга жол бербеши керек! Коңшу эки мамлекеттин чегара талашы үчүнчү бир мамлекеттин аскердик оккупациясына шылтоо болбошу зарыл!

Арадан "ала" чыкпай," мамлекеттик бийлик менен жалпы эл эриш-аркак - ушундай бирдиктүү позицияда бекем турса, Кыргызстандын кылын эч ким кыйшайта албайт!

Кыргызстан ОДКБдан мурда БУУнун толук кандуу мүчөсү, Эларалык коомчулукта өзүнчө субъект. Тажикстан тараптан провокациялык аракеттер токтотулбаса, эларалык коомчулукка кайрылганы он.

 Абдувахаб Мониев, журналист