Бул тууралуу Kaktus.kg'ге жеке булактар билдиришти.

Ташиев менен бирге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да чыккан.

УКМК жана ӨКМ жетекчилеринин иш чаралар планы азырынча белгисиз.

***

27-январда болжол менен саат 18:30да, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагындагы кырдаал курчуган. Тажикстандын чек арачылары Баткен - Исфана жолун бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча тжик аскерлери миномёт жана гранатомётторду колдонгон.

28-январда, саат 04:10до тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышуу толук токтотулду, деген билдирүү таратылды. Баткен - Исфана жолу ачылып, конфликтти алдын алуу максатында чек ара райондору биргеликте көзөмөлдөнөт.

28-январдын таңына карата, чек арадагы кырдаал тынч, деп чек ара кызматы билдирди.

Булак: kaktus.media