- Менин перзент болуп төрөлүп жарык дүйнөгө  келгениме ата-энем себеп болсо, адам болуп калыптанып өз элиме таанымал окумуштуу жана мамлекеттик ишмер болгонума мугалимдерим себепчи деп сыймыктануу менен айта алам. Тилегиме жараша  менин мугалимдерим чыныгы педагогдук улуу касиети бар адамдар эле. Ар биринин аты-жөнүн күнү бүгүнкүдөй эстеп жүрөм. Кээ бир классташтарымын атын унутуп деле калдым. А бирок агай-эжейлеримин аттары түбөлүк эсте калыптыр. Биринчи класста Алиппени окуткан эжекем Күңкү Сарыбаева азыр дагы баарыбызды кубантып арабызда отурат. Менин ийгиликтериме сүйүнүп, кемчиликтериме күйүнүп ак эткенден так этип сурап турат. Дагы эки эжекелерим - Көлдүн кыздары Шекен Касымова менен Бурулуш Байсеркеева бактылуу карылыктын доорун сүрүшүп, Бишкекте уул-кыздарынын кучагында өмүр сүрүп келишет. Физик агайым Маман Айылчиев кечээ жакында каза болду. Мен үчүн чоң жоготуу болгондуктан. өзүмүн уул-кыз, неберелеримен уялбай эле өңгүрөп ыйладым. Тагдыр ар кандай болот экен. Кээ бир мугалимдерим эрте кайтыш болуп кетишти. Бейиштерин берсин Жараткан! Өмүрүмдө аларга акаарат келтирмек турсун, көздөрүнө тике караган эмес экенмин, азыр ойлоп көрсөм. Бирок алар бизди абдан катуу кармашчу. Ар бир кадамыбызга баа беришип, сабактарын татыктуу өтүшчү. Кечээги Лебединовка мектебиндеги тарыхчы эжеке менен байланышкан жагымсыз окуяны көргөндөн бери жаным жай албай келет. Кайда кетип бара жатабыз? Мугалимди кор тутсак, өлкөбүздүн келечеги өлөт! Өз салт-санаабызды унутуп, душмандарга кор болобуз! Урматтуу балдарым, өзүңөрдүн мугалимдериңерди аздектеп сыйлагыла! Өмүрү кем болбойсуңар!