Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү таратты.
"Урматтуу Кыргызстандыктар!
Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын колдогон саясатчыларга ишенбегиле", - деп жазды мамлекет башчы.