Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Чүй облустук филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык иштер аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, от казандардын бирин реконструкциялоо иштери ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылган жана мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды.

Аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында, бюджеттик каражатты көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 млн сом зыян келтирилген.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын, бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: Маралфм