- Турсунбай агай, журналист Болот Темиров камактан чыккандан кийин  социалдык тармакка анын бирөө менен сүйлөшкөн аудиосу, каражаттар кайдан келгени боюнча маалыматтар тарады. Ошондон көп өтпөй эле НПОлор менен  сырттан каржыланган маалымат булактарына көзөмөлдү күчөтүү керек деген коңгуроо кага башташты. Бул боюнча кандай пикирдесиз? 

- “Чабуул - коргонуунун эң мыкты ыкмасы” дегендей, Батыш жактан каржылангандар мамлекеттик бийликке чабуулун күчөтүүдө. Интернет-ресурстарды жана телеканалдарды шумдук активдүү колдонушууда! Мисалы, “TV1.kg” каналынын алып баруучусу Максим батыштык НПО менен журналисттерди коргоп жатып “УКМК андан көрө ислам терроризми, ячейкалар менен күрөшпөйбү!” деп элдин оюн өздөрүнөн динге бурууга аракет кылды. Тагыраагы, динди душман көрсөтүүгө далалат жасады. Чынында, бул эң чоң чагымчылык. 

- Сырттан каржыланган НПОлордун пайдасынан да зыяны көп болоорун айтып, учурунда мыйзам долбоорун сунуштадыңыз эле. НПОлорду тизгиндей турган мыйзам барбы өзү?

- Туура, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова жана мен “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорун жазып сунуштаганбыз. Бирок депутаттар да, Президент да, Өкмөт да колдобой коюшкан.  6-чакырыштагы депутаттар иш мөөнөтү аяктап жатканда биздин мыйзамдан да алсызыраак мыйзам долбоорун кабыл алышты. Эми 7-чакырылышта биздин мыйзамыбыздын бир автору бар - Надира Нарматова. Биздин мыйзамдын күчтүү жактарын азыркы мыйзамга сөзсүз киргизет деп ишенемин. Ошондон кийин чагымчы НПОлорго жана массалык маалымат каражаттарына “чет өлкөлүк агент” деген макамды берип, алардын каржы булактарын жана ишмердүүлүгүн мамлекет катуу көзөмөлгө алат. Ага чейин алар менен Кылмыш-Жаза кодексинин тили менен алар менен сүйлөшүү керек.

- Бизде НПОлорго же сырттан каржыланган маалымат булактарына кичине эле чектөө болсо, чындыкты басмырлап жаткандай, адам укугу тебеленип жаткандай түр көрсөтүшөт. Биздегидей эркиндик, демократияны ээн ооздукка айлантып алган жагдай Американын өзүндө барбы?

- Эгер ошол эле Америкада чагымчылар ээн оздук кылышкан болсо - анда сөзсүз кылмыш иши козголуп, жазаланышмак. Бизде болсо сөз эркиндигин жоопкерсиздикке, ээн ооздукка айландырышып салышты…

Аэлита Сатындиева