Түшүнгөн адамга өлкөбүз азыр оор энергетикалык кризиске кабылды. Акыркы суткаларга берилген маалыматтарга караганда, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. кубометрден азайып кетти. Эгер бул көрсөткүч 8 млрд. кубометрге жетсе, анда авариялык абал жаралып, генераторлор титирей баштайт. Бир жагынан газ менен толук камсыз кылуу убадасы менен бүтүндөй тармагыбызды ит бекер менчиктеп алган “Газпром” ишканасы 24-январда Өзбекстан газ берүүнү токтоткондугун кабарлап, түштүк аймактарга көгүлтүр отун үзгүлтүккө учурай тургандыгын эскертти. Адистердин божомолунда, эгер жыл жакшы болгон учурда энергетикалык кризистен 5-6 жылда гана чыгышыбыз мүмкүн.
Бул аралыкта Кыргызстан менен Орусия кубаттуулугу чакан атомдук электр станция куруу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкандыгы тууралуу маалымат тарады. Мындай сүйлөшүү болгондугун 20-январда Орусиянын «Росатом» мамлекеттик компаниясы расмий сайтында кабарлады. Документке «Росатом» менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги Дубайдагы «Экспо-2020» эл аралык көргөзмөсүндө кол койгон.
«Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстандын аймагында РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында кубаттуулугу чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришет», — деп айтылат «Росатомдун» маалыматында.
Кубаттуулугу чакан АЭС куруудан тышкары, меморандум Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууну жана өзөктүк энергетика тармагындагы адистердин илимий-техникалык квалификациясын жогорулатууну камтыйт.
Бирок кээ бир адистер АЭС куруу мүмкүн эместигин жана ал курула баштаса да жакын арада ишке ашпастыгын айтышууда. Мисалы, Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын "Росатом" ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындады.
"Биздин уюм аймакта жана дүйнөдө атомдук энергетиканы колдонууну колдобойт. Борбор Азияда "Росатом" корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатты көздөйт. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Атомдук электр станциянын реакторлорун суусу жок иштетүү мүмкүн эмес. АЭС - өтө кымбат, кооптуу технология. Аны курууга жылдар талап кылынат, белгиленген каражаттан көп ресурс жана убакыт кетет. "Росатомдун" Кыргызстанга АЭС салууга аракеттениши - өлкөнүн Орусияга толук энергетикалык коз каранды болуусун шарттап, өзүндөгү кайра калыбына келе турган, экологиялык таза энергия булактарын өнүктүрүүгө тоскоол болот", - деген Ольга Бойко.
Айтор Батыш тарап Россиянын Кыргызстанда АЭС куруу планына каршы экендиги белгилүү болуп калды. Ал эми жергиликтүү адистер эмне дешер экен?