Кесиптешибиз, журналист Болот Темиров бир кезде катардагы эле, коомчулукка анча таанылбаган журналист эле. Кийин эле бул жигиттин таскагы каттуу чыгып кетти. Себеби ал ар кандай чуулгандуу материалдарды даярдап, болгондо да бийлик башындагылардын ишмердүүлүгүнө арналган иликтөөлөрдү жарыялап, YouTube социалдык тармагынан өзүнүн ошол Temirov Live KG аталышындагы каналын ачып, бир нече миң көрүүчүлөргө ээ болду. Белгилей кетүүчү жагдай, Б.Темировдун иликтөөлөрү жалаң гана терс көрүнүштөргө арналып, бир да өлкөбүздөгү жакшы окуялар тууралуу ооз ачып да койбогондугу. Анткени, ал чет өлкөлүк, Батыштын уюмдарынан ири суммада грант алып, алардын көрсөтмөсү боюнча гана материал даярдай тургандыгы белгилүү.

Өткөн дем алыш күндөрү бул журналист менен Болот Назаров аттуу төкмө акындын тегерегиндеги окуя бизди гана эмес, бүтүндөй кыргыз коомчулугун таң калтырып койду. Анткени кайсы бир жаран Б.Темиров өзүн жана башкаларды маңзат колдонууга мажбурлагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры же гашиш заты табылган.

Ал эми медициналык текшерүү учурунда Б. Назаровдун канынан маңзат табылгандыгы айтылууда. Бирок дем алыш күн экендигине карабай, алардын тарапташтары ИИМ имараты менен Бишкек ШИИББнин кеңсесинин алдына чыгышып, ар кандай кыйкырык-сүрөөн менен коштолгон уррандарды көтөрүшүп, ал тургай комуздун коштоосунда ырдап туруп алышкандыктан, күч органдары экөөсүн тең үй камагына бошотууга аргасыз болду.

24-январда ички иштер министри У. Ниязбеков Б. Темиров жана Б. Назаров тууралуу мындай билдирүү жасады: "Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт".

Эми бул окуяга ак же кара деген бааны сот гана бере тургандыктан, күтө туралы.