“Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Байгазы Матисаков бүгүн журналисттер менен жолугушуусунда компаниянын жана өзүнүн дарегине айтылып жаткан бир катар сындарга жооп берди. 

Буга чейин журналист Болот Темировдун каналы журналисттик иликтөө жүргүзүп, “Кыргыз Петролеум Компани” “Регион Ойл” компаниясына мазут сатканын, ал эми экинчи компания аны Өзбекстан менен Италияга экспорттоо менен эки күндө 37 миллион сом кирешеге тутунганын жарыялаган. Бул иликтөөнүн чын-бышыгын изилдеген эч ким болгон жок. Балким, катардагы иликтөөлөрдүн бири болгондо мынчалык чуу чыкпайт болчу. Бирок мында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталып калгандыктан, каршылаштарынын көктөн издегени жерден табылгандай болду. 

Биринчиден, ортомчулук кылган “Регион Ойл” компаниясын Ташиевге байланыштырды. Экинчиден, “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын жетекчиси УКМКнын башчысынын бир тууган жээни болуп чыкты. Мына, ушундай “табылгыс аргументтер” учурда оппозициялык маанайды кармангандардын башкы куралына айланууда. 

Байгазы Матисаков чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан каналды сотко берээрин билдирди. “Журналисттер бизге чалып, сурашканда керек болгон маалыматтардын баарын бермекпиз. “Регион Ойл” компаниясына бир литр да мазут сатылган эмес”, - деди Матисаков. 

Демек, маалымат тараткан канал мамлекеттик ишканага тийиштүү суроолору менен кайрылган эмес. Журналисттик иликтөө кайсы бир маселени ар тараптуу чагылдырып, өзөгүндөгү чындыкты таап чыгууга арналышы керек. А мында чындыкты териштирүүгө аракет жасалган эмес, бир жактуу каралоо гана башкы максат болгон. 

Матисаков жээни болоорун Ташиев жашырган жок. Жогорку билимдүү, иштин көзүн билген, түз, так жүргөн кадр катары жетекчилик кызматын татыктуу жүргүзүп баратканын билдирген. Журналисттер менен жолугушууда Матисаков өзү да бул маалыматты тастыктады. 

“Мен Камчыбек Ташиевдин бир тууган жээни болом жана аны менен сыймыктанам. Мен ал кишидей элин – жерин сүйгөн, өлкө үчүн күйгөн, татыктуу ата, адам жана жигит болууну каалайм.  УКМКнын башчысынын менин кызматына тиешеси жок. Кызматты сатып албадым. Бул жаатында абийирим таза. Эгер кимдир бирөө менин уурулук же коррупция менен алектенип жатканымды далилдеп берсе, анда мен кызматтан кетүүгө даярмын”, - деди “Кыргыз Петролеум Компанинин” жетекчиси. 

“Регион Ойл” компаниясы тууралуу Матисаков аталган компания нефтини өзү жеткирээрин, а “Кыргыз Петролеум Компани” аны иштетип гана берээрин айтты. Ушул кызматы үчүн завод акы алат. 

“Алар бизге 2021-жылдын апрелинде келишкен. Келишим түзүүнү чечтик. Бизде ушундай маселе менен алектенген бөлүм бар. Ошол бөлүм иш алып барды. Компаниянын жетекчиси Назгүл Айдарова экенин билем. Бирок жолугушканыбыз жок”, - деди. 

Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, “Кыргыз Петролеум Компани” Матисаков келгенге чейин жана келгенден кийин кандай жыйынтыктарга жетишкенин жөнөкөй алгебранын тили менен түшүндүрүп берген. Эгерде жээни болгону үчүн эле кызматка орноштурган болсо, анын жетекчиликке келүүсүнө өзүнүн катыштыгы болсо, аз убакыттын ичинде компания мынчалык көрсөткүчкө жетмек эмес. Аны түшүнүү үчүн анчалык көп акылдын деле кереги жок. Бир үй-бүлөдөн бир жетекчи чыксын деген талап бир үй-бүлөдөн бир гана бала акыл-эстүү төрөлсө болот, калгандары келесоо боло берсин дегендей эле эмеспи. Билими, дарамети, тажрыйбасы болсо, ошол тармакты алдыга жылдырып кетүү колунан келип турса дагы, “таекем УКМК башчысы”, - деп жер айдашы керекпи. Сын тагуунун, кимдир бирөөнү каралоонун  дагы жөнү, эби менен болсо.