Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, кызматкерлер унаа ташыган жеке жактар менен "жең ичинен сүйлөшүп", ЕАЭБдин талаптарын одоно бузган. Тагыраагы, 2019-жылы Кыргызстанга келген автобустарды арзандатылган тариф менен мыйзамсыз өткөрүп жиберишкен.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: vb.kg