Кыргызстанда 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди. Эске салсак, аталган комитет Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселени карап жатат.
Орун басар белгилегендей, бөлүнгөн каражаттан Балыкчы-Бөкөнбаев- Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286,5 млн сом каралган.
"2021-жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом" – деген Нурланбек Кайынбаев бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.