УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 23-январда берген маалымат жыйынында бир тууган иниси, ЖКнын учурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыраарын айтты. 

"Биз жакында бир үй - бүлөдөн бир эле саясатчы болсун деп сүйлөштүк. Бизге көп сын айтылып жатат. Ал макул болду. Эмки жумада, үчүнчү күнү жыйын болот, Шаирбек ошондо өзүнүн депутаттык мандатын тапшырат. Мен кеткенден кийин саясатчы боло берет", - деди Камчыбек Ташиев.

Шаирбек Ташиев Жалал-Абаддагы бир мандаттуу №14 округдан парламенттик шайлоого катышып, элдин колдоосу менен эл өкүлү болуп шайланган. 

Камчыбек Ташиевдин иниси тууралуу айтылгандары соцтармакта талкууга алынууда. Көпчүлүк Шаирбек Ташиевди эл шайлаганын, ал мандатын тапшырса, элдин ишенимин кошо тапшыргандай болуп калаарын айтышууда. "Атасы үчүн баласы жооп бербейт, бир үй-бүлөдөн бир эле саясатчы болуш керек деген мыйзам жок", - дегендер да бар.