Социалдык маселелер боюнча мурдагы вице-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызмат ордуна сунушталып жатат. Эске салсак, буга чейин аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилик кызматын Динара Кемелова жетектеп келген. 

Бул тууралуу маалыматты өздүк булагына таянып айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кароосуна келип түшө элек. 

 Аида Исмаилова Мухаммедкалый Абылгазиевдин убагында өкмөттүн социалдык блогун жетектеген. Кийинчерээк 2020-жылдагы пандемия маалында келген гуманитардык жардамдар боюнча кылмыш ишинде күбө катары суралган.