Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов райондук шайлоо округу боюнча кайрадан парламенттик шайлоо жарыяланганы, БШКга 32 талапкерден арыз келип түштү.
БШКнын маалыматына караганда, анын 13ү Биринчи май шайлоо округунан болсо, 13ү Свердлов районунан депутат болууну каалагандар. Ошондо, Биринчи май районунан талапкерлер: Эльвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Джакыпбеков, Анвар Сартаев, Рысбай Аматов, Русланбек Акылбеков, Адылбек Гапаров, Рыскелди Момбеков, Таалайбек Кермалиев, Акжолтой Келгенбаев, Темирбек Нурматов, Азаматбек Жоробеков жана Азамат Мамбетсыдыков.
Ал эми Свердлов районунан Гуля Алмамбетова, Жаныбек Асанбеков, Назгуль Жолдошова, Жусубалы Керимбаев, Эдиль Бейшенбаев, Муратбек Султанбаев, Шайлообек Атазов, Ирина Карамушкина, Эльнура Алканова, Улукбек Турганбаев, Бакытбек Болотбеков, Бакыт Бакиров, Бакыт Саадабаев, Нурланбек Маматкулов, Аспек уулу Азамат, Абдурахман Муртазалиев, Медер Абышев, Нурдин Мотуев жана Казыбек Эргешов аттанды.
Арыздарды кабыл алуу 27-январда токтойт, 7-февралда үгүт иштери башталып, ал аягына 26-февралда чыгат. Алдыда дагы он күндөй убакыт бар, ошондуктан талапкерлердин бул акыркы тизмеси болбой калышы да мүмкүн. Эки округга отуздан ашуун талапкер болсо, Кыргызстан талапкерлердин өлкөсүнө айланып кеткендей эле туюлат экен.
Булак: “Майдан. kg” гезити