Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова ("Ишеним") кечээ, 19-январдагы парламент жыйынында айткан сөзү соцтармактарга тарагандан кийин кайра аны жокко чыгарып, билдирүү таратты. 

" Баткен облусундагы айрым айылдардагы кыргыз телеканалдары тартпай, жада калса Кыргызстандын уюлдук операторлорунун байланышы жок экенин билдирип, аны тишелүү министрликке аттанып жаткан талапкерге маалымдагам. Бул көрүнүштү Кадамжай районунда эл менен тыгыз иштешкен жетекчилер да жакшы билет. 

Тилекке каршы менин бул сөзүм бурмаланып кетти. Ал жерде эч бир президенттин ысымы аталган эмес. Чынында мындай маселе бар. Мен шайлоочуларым менен тыгыз иштешкен депутат катары аны эң жакшы билем. Буйруса аталган көйгөйдү чечүүнү тиешелүү органдардан талап кылып, көзөмөлгө алам", - деп жазды Султанбекова.

Эске салсак, маалымат каражаттары "Чолпон Султанбекова "Баткенде балдарга президент ким десең, Шавкат Мирзиеевди айтышат" деди" деп жазышкан.