Тилекке каршы, ушундай суроо берүүгө аргасызбыз. Министрлер кабинетинин акыркы жыйынында авто унаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун  жактырышты. Эми мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары талкуулашы керек.

“Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу”- дегендей, Министрлер кабинети мындай кадамга толбой аткан бюджетти аз да болсо толтуруу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында барып жатканы түшүнүктүү. Бирок мыйзам долбоору ишке кирсе, ал күткөндөй, ойлогондой натыйжа береби? Авто унаа айдагандардын баары терезелерин караңгылатып, андан түшкөн каражат бюджеттеги кенемтикти толтурабы? Ага эч кандай кепилдик жок. Министрлер кабинети  аталган мыйзам долбоору менен жолдордогу авариялык кырдаалдардын өсүү коркунучун  жогорулатып, жүз миңдеген авто унаа башкаргандардын, жөө жүрүүчүлөрдүн өмүрлөрү менен ойношуп жаткандарын түшүнүп атышабы? Караңгылатылган терезелер айдоочулардын көрүү мүмкүнчүлүгүн начарлатат, кечки маалда андан бетер. Мындан көрүнүп тургандай, Министрлер кабинетинин бул демилгесинин пайдасынан мурда зыяндуу, кооптуу жактары көп. Өлкө бюджетине сезилерлик каражат түшүүсү үчүн Кыргызстандагы авто унаалардын 70-80 %ынын терезелери караңгылатышы керек. Бирок айдоочулардын басымдуу көпчүлүгү өз өмүрлөрүнүн коопсуздугун ойлошот.

Булак: “Майдан. kg” гезити