Санарип министри кызмат ордуна талапкер болуп жаткан Талантбек Иманов Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилде сүйлөй албай кыйналды. Аны байкаган депутат Нурлан Шакиев:
"Сиздин бир сөзүңүз мамлекеттик тилде, үч сөзүңүз расмий тилде болуп жатат. Улуу кыргыз тилин кордобой, бир жактуу же расмий же мамлекеттик тилде сүйлөңүз. Бул абдан олдоксон көрүнүш", - деп сындады.
Ошондой эле, ал Иманов санарип министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп турган бир жума ичинде калкты тейлөө борборлорундагы 2-3 сааттан узун кезек күтүүлөрдү кантип чечип, калкка тейлөө кызматын жеткиликтүү кылуунун жолун кандайча ойлонуштурганын сурады.
Талантбек Иманов депутаттан эки тилди аралаштырып сүйлөгөнү үчүн кечирим сурады. Депутаттын эскертүүсүнөн кийин мамлекеттик тилде сүйлөөгө аракеттенди, бирок бул жолу деле толук кандуу кыргыз тили андан чыкпады. Болгону башта үч сөз расмий, бир сөз мамлекеттик тилде болсо, эми үч сөздү мамлекеттик, бир сөздү расмий тилге алмаштырды.
"Эмки жумада Ошко барууну пландаштырып жатам. Эмнеге до сих пор ЦОМдордор кезек узун деген суроолор көп болуп жатат. Республикада 33 ЦОМ бар. Быйыл 6 ЦОМ ачканды пландаштырып жатабыз. Системно кылалы деп жатабыз, справка жана башкаларды айыл өкмөттөргө жеткирип, ошол жактан выдача кылганы. Президентибиз 1-июнга чейин бүт электронный документ оборотту электронный видке өткөргүлө деп эмнеге айтып жатат. Анткени, ушунун аркасынан экинчи этап башталат, министерство, ведемстволордон алчу справкаларды айыл өкмөттөн ала алышат. Бул боюнча элге жеткиликтүү иштер жүрбөй жатканы көрүнүп жатат, биз азыр ушул жактан иш алып барганды ойлонуштуруп атабыз", - деди Иманов.
Шакиев Иманов буга чейин иштеген "Дастан" заводу ушул убакка чейин санариптештирилбегенин белгиледи. Айтымында, заводдун кызматкерлери ушул убакка чейин айлыкты колго алышат.
А буга жооп катары Иманов: "Бул так маалымат эмес. "Дастан" стратегиялык завод, адистер жетишпегендиктен, көбү 60 жаштан өткөн кишилер, алар "старый системада" калгандыктан, айлыкты көнүп калгандай колго алышат. А 70 процент молодежь - берки аппаратта иштегендер бүгүнкү күндө карточкалар менен айлык акы алышат", - деди.