Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү,  Кыргызстандын Малайзиядагы учурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда. 

Маалым болгондой, элчи 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сурак берген. Бул иш 2021-жылдын апрел айында жаңы жаралган жагдайларга байланыштуу жанданган. 

Эске салсак, Убактылуу өкмөттүн курамында 14 адам болгон. Алар:  Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Дамира Ниязалиева, Эмилбек Каптагаев, Кенешбек Дүйшөбаев жана башкалар.