- Каныбек агай, президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын көчөлөрүндөгү LED-экрандан көрсөтүлүп жатыптыр. Президенттин лыжа тепкени кышкы туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы десек болобу?

- Азыркы заманда туризм - бул индустрия. Эгерде аны мыйзамдуу жолго коюп, реалдуу бизнес-пландар менен ишке ашыра алсак, албетте, казынанын толтурулушуна шарт түзүлөт. Анан эки чананы дөңгө алып чыгып алып, "мына кышкы спорттук туризм"- деп айгай салсак, ал жерге кошунабыз дагы чыкпайт. Азыркы туристтердин табити абдан чоң талап менен коштолуп калды. Алар комплекстүү эс алууну каалашат. Ал үчүн заманбап инфраструктуралар талап кылынат: эң мыкты лыжа базасы, кызыктуу лыжа трассалары менен саякат кыла турган маршруттар, ресторан-кафелер, комфорттуу мейманканалар, маданий объекттери, интернет-борборлор, ж.б. туристти өзүнө тартуучу жайлар. Президент Садыр Жапаров ушуларды адекваттуу түшүнүп өзүнүн салымын кошуп жатат. Анын эмнеси жаман же айып? Биз катуу сынчы болуп алдык. Мейли сындайлы. Бирок өзүбүз дагы өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошолу да?. Бизге сырттан бирөөлөр кыргыз оңолуп кетсин деп келе бербейт. Азыркы дүйнөлүк ааламдашуу процессинде ким эмгекчил болсо ошонун жашоосу жакшы болот. Президенттин Кыргызстандагы кышкы туризмди даңазалоо аракетин Анкарадан жана башка шаарлардан көрсөтүлүп жатышы - бул эң сонун пиар-рекламалык кампания! Алга эле жыла беришибиз керек!