Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул чектөөлөр өлкөгө аба каттамдары менен келгендерге жана мекенине кайткан өзбекстандыктарга тиешелүү болбойт. Мындан тышкары, чек арадан айдоочулар, дипломаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, студенттер, дарыланууга бараткандар, катуу ооруп жаткан жакынын көрүүгө же каза болгон тууганынын тажыясына бараткандар, ошондой эле Казакстанда туруктуу жашаган өзбекстандыктар жана Өзбекстанда туруктуу жашаган казакстандыктар өтө алышат.
Булак: Кабар