Бул тууралуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ден-соолукту чыңдоо адиси Айжаркын Эгембердиева «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, балдар 15 жашка чыкканда эле гармондордун өзгөрүүсү байкалат. Ошондон тартып эркек бала жылына жок дегенде бир жолу уролог-андрологго кайрылып, өзүнүн ден соолугун байкап туруусу керек. Эгерде эркек балада жыныстык жол аркылуу жуккан оору болсо, бул ооруну дарылоо керек. Анткени үйлөнгөндө ал аялына жугуп, же аялынан баласына да өтүп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлө курганга чейин өзүн текшертип туруусу зарыл.
«Мисалы, кээ бир эркек кишилер инфекция менен ооруганын билбей жүрө бериши мүмкүн. Ошондуктан болочоктогу жубайынын ден соолугу сак болсун, баласынын ден соолугу сак болсун десе, урологго кайрылып турсун. Ал эми аял кишинин ден соолугу тууралуу айтып кетсек, болочоктогу баланын ден соолугу түздөн-түз аял кишиден көз каранды, анткени болгон витаминдер, балага керектүү нерсенин баары аял кишинин организминен алынат. Ошондуктан үй-бүлөнү пландаштырууда аял киши өзүнүн ден соолугун карашы зарыл», -дейт ал.
Аял киши балалуу болууну пландаган учурда гинекологго кайрылып, кандын анализин, гармондорго, инфекцияларга анализ тапшырышы керек. Күйөөсү дагы инфекцияларга текшерилгени оң.
Булак: Маралфм