Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине борбор калаанын Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.
Анын айтымында, тез жардам кызматына 60 жаштагы аял аллергиялык реакцияга кабылганы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
«Ал өз алдынча антибиотик ичкен, дарыны телефон аркылуу дайындашкан имиш. Дары ичкенден кийин аллергиялык реакция башталган. Ыкчам медициналык жардамга карабастан, тилекке каршы, каза болуп калды», - деди Борисов.
Ал коронавирус жуктурган адамдардын саны өскөнүнө байланыштуу аларга кайрылган жарандар да көбөйгөнүн белгиледи.
Ошондой эле өз алдынча дарыланбоого жана дарыгер дайындамайынча антибиотик ичпөөгө чакырды.
Булак: Баракелде