Нурсултан Назарбаевдин кызы — Казакстандын парламентинин депутаты Дарига Назарбаевадан коронавирус аныкталган. Буга байланыштуу Мажилистин жыйынына катышпаганын «Orda.kz» анын жардамчысына шилтеме берип жарыялады.
«Ал (Д.Назарбаева) ден соолугуна байланыштуу 3-январдан тарта эс алууда. Андан коронавирус аныкталган», - деди жардамчысы.
Анын айтымында, Дарига Назарбаева учурда Алматы шаарындагы үйүндө.
Булак: Баракелде