Эки күн мурда интернет тармагына кыргызстандык Баялы Төрөгелдиев Казакстандагы башаламандык учурунда кармалганы тууралуу маалымат тараган. Ал оор абалда медициналык жардам албай жатканы айтылган.
Мындан улам соцтармактын кыргызстандык колдонуучулары "Баялыга боштондук" хештегин жарыялай башташкан болчу.
Бирок бүгүн интернетке дагы бир видео жарыяланып, анда өзүн Баялы Төрөгелдиев деп тааныштырган жигит учурда Шымкент шаарындагы үйүндө экенин айтты. Ал камакка алынбаганын, акыбалы оорлошпогонун, айтылып жаткан маалыматтар жалган экенин билдирди.