Казакстандын күч органдары тарабынан кармалып, бир канча күндөн бери коңшулаш мамлекеттин ММК тарабынан “террордук топтун уюштуруучусу” катары айыпталып жаткан музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. Ал учурда Бишкекке карай келатат. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.
Эске салсак, кыргызстандык джаз-музыкант В.Рузахуновду Казакстандын атайын кызматы террорист көрсөтүүгө аракеттенген. Бул кыргыз коомчулугунун катуу нааразычылыгын жараткан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновду бошотуу боюнча сүйлөшүүнүн башында турганы айтылды. Ал буга чейин: “Биздин жаранды терроризмге айыптаганы туура эмес. Мен УКМК төрагасы катары айтарым, биздин өлкөдө эч кандай террорист жок. Эгер чыга турган болсо, тийиштүү чараларды колдонобуз. Казакстанда мурдатан иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингге аралашып калышы мүмкүн. Бирок андай фактылар тууралуу да расмий түрдө эч кандай тастыктоо жок. Мен атайын кызматтын башчысы катары айтып коёюн, кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөгө террористтер кирип барды дегени туура эмес, андай болбойт дагы”,- деп билдирген болчу.